Террористтер хакерлердин торуна түштү

© flickr.com / Global PanoramaКомпьютердин клавиатурасы. Архив
Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун аккаунттарын ашкерелеген хакер Twitter, Facebook жана Instagram социалдык тармактарын исламды пропагандалаган террористтерге каршы күрөшүүгө чакырып, алардын баракчасын эмне себептен бузуп жатканын айтып берген.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Интернет тармагында Ghost деген ат менен таанымал болгон хакер жарандарды экстремисттик маанайдагы маалыматтардан коргоо үчүн социалдык тармактар эч бир иш алып барбай жатканын билдирди. 

ИГИЛ бул ислам эмес буклети. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: өлкө боюнча төрт миңден ашуун адам экстремисттик ислам идеяларын карманат
Экстремизмге каршылык көрсөтүү боюнча кептер айтылганы менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун аккаунттарын социалдык тармактардан дагы деле таап алса болот. Twitter буга чейин 125 миң баракча өчүрүлгөнүн билдирген. Бирок факт боюнча бардык иш социалдык тармактын колдонуучулары менен Anonymous хакердик тобунун күчү менен бүткөрүлдү. Алар экстремисттик маанайдагы баракчаларды аныкташкан. 

"Twitter бул багыттагы ишти активдештириши керек. Аккаунттар блокко түшкөндөн кийин анын ээлери баракчанын аталышына бир нече тамга кошуп койсо маселе чечилип калып жатат. Ал баракчаларды издеш керек. Балким хакерлер менен социалдык тармактын колдонуучулары биргеликте иш алып барсак майнап чыгат. Биз экстремисттик маанайдагы баракчалардын тизмесин бере алабыз. Аларды өчүрүү керек", — деп билдирди хакер. 

Анонимдүү хакердин айтымына караганда, алар маселени чечүүнү колго алууну мурдатан эле чечишкен. Ал эми экстремисттик аккаунттарды ашкерелөө кантип ишке ашып жаткандыгын хакер айткан жок. Бирок террористтер алдыңкы технологияларды колдонуу менен эң мыкты адистерди жалдап жаткандыктан иш жүргүзүү өтө оор болуп жатканын белгилеген. 

"Ислам мамлекети өздөрүнүн тарапташтарын чогултуу үчүн интернетти колдонуп жатышат. Бул биз ойлогондон да орчундуу маселе. Террордук топ маалыматын жайылтууга биз тоскоолдук жаратып жатканыбызды билишет. Алардын аккаунтун бузгандан кийин сөзсүз шылдыңдаган билдирме жөнөтөм. Алардын реакциясын байкоо күлкүлүү. Мындай иштердин аркасында террористтер социалдык тармак аркылуу сүйлөшүүдөн коркуп калышат", — деп билдирди хакер. 

Ал кошумчалагандай аккаунт бузулгандан кийин террористтер аны кайра калыбына келтирүүгө аракет деле жасашпайт. Ошенткен менен бир нече белгилүү баракчалар бузулган сайын кайра жаңыланып турарын айтат. Хакер алар менен "кубалашмак" ойногондой эле болуп жатышканын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0