Окумуштуулар киши эмне үчүн жини келип же ак көңүл болуп каларын аныктап жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылмайып жаткан кыздар. Архив
Жылмайып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксетер университинин окумуштуусу Саша Долл жана анын жамааты кишилердин жасаган жакшылыктары менен ичи тардык аракеттерин аныктай турчу атайын математикалык модель түзүп чыгышканын айтууда.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын математиктери компьютердик модель жасашты. Ал айрым кишилер жаратылышынан эле жакшы иштерди жасаганга генетикалык жактан программаланганын, айрымдары ачуулу болуп каларын ДНКдан карап, себебин көрсөтүп бере алат экен. Бул туурасында РИА Новости PLoS Computational Biology журналына шилтеме берүү менен билдирди.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар инфарктты 5 жыл мурда биле турган тест түзүп чыгышты
Сүт эмүүчүлөр тукумундагы айрым жандыктар өзүнүн жакындарына жардам бербейт жана ынтымакта болбойт деп айтылып келет. Акыркы жылдары окумуштуулар шимпанзе жана башка маймылдарга, кичинекей балдарга бирдей убакытта бир нече тесттерди жүргүзгөн.

Окумуштуулар эксперименттин жыйынтыгында айрым маймылдар чындап эле жардам беришсе, айрымдары өзүмчүл келерин аныкташкан.

"Бөбөктөрдө 1 жаш 3 айынан тарта эле башкаларга жардам берүү сезими пайда болот. Мындай жөндөм анын коомдо ордун таап жашап кетүүсү үчүн абдан маанилүү", — деп айтылган макалада. Окумуштуулар эми кишилер эмне себептен айланасындагыларга жардам бере турганын изилдеп жатышат.

Эксетер университинин окумуштуусу Саша Долл жана анын жамааты кишилердин жасаган жакшылыктары менен ичи тардык аракеттерин аныктай турчу атайын математикалык модель түзүп чыгышканын айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0