Болгария: туристтер пляждагы тартип бузууларды интернет аркылуу кабарлай алышат

© Sputnik / Виталий Арутюнов / Медиабанкка өтүүКара деңиз жээги, Болгария. Архив
Кара деңиз жээги, Болгария. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн суу жээктеринде илинген маалымат такталарында туристтер кантип кабар бере алары туурасында жазылган.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Болгариянын туризм министри Николина Ангелкова жергиликтүү жана чет элдик туристтер өлкөнүн пляждарындагы мыйзам бузууларды аталган мекеменин телефонуна же электрондук дарегине билдирсе болорун айтты. Бул туурасында rus.bg сайты кабарлады.

"Бүгүнтөн тарта болгариялык жана чет элдик туристтер өлкөнүн пляждарындагы мыйзам бузууларды аталган мекеменин телефону же электрондук дареги аркылуу кабарлай алат. Болгариянын суу жээктеринде илинген маалымат такталарында туристтер кантип кабар бере алары туурасында жазылган", — деп айтты министр.

Эгер иш күнү болсо операторлор түшкөн маалыматтарды жазып алат. Ал эми калган учурларда үндү автоматтык жазгычка калтырып же электрондук дарекке таштаса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0