Стамбул теракты Өзбекстандын, Украинанын жана дагы 11 өлкөнүн жаранынын өмүрүн алды

© AFP / BULENT KILICСтамбулдагы жарылуудан жаракат алгандардын туугандары. Архив
Стамбулдагы жарылуудан жаракат алгандардын туугандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарга ылайык, "Ататүрк" аэропортундагы жарылуудан 41 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Стамбулдагы жарылуудан өлгөндөрдүн арасында Өзбекстандын, Украинанын жарандары бар экенин РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Стамбулдагы теракт учурунда аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардырууга кабылып, ажалдан аман калган Тилек Токомбаевдин баяны
"Ататүрк" аэропортунда болгон жарылуудан 13 чет элдик жарандар каза болгон. Сауд Аравиянын — 5, Ирактын — 2 андан сырткары Өзбекстандын, Украинанын, Ирандын, Иорданиянын, Кытайдын Тунистин жарандары бар.

Шейшемби күнү 28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" эл аралык аэропортунда үч жарылуу болгон. Анын кесепетинен бир катар эл аралык каттамдар убактылуу токтогон. Куралдуу кол салуу акыркы маалыматтар боюнча 41 кишинин өмүрүн алып, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0