Путин менен Эрдоган эки мамлекеттин мамилесин жакшыртууну сүйлөштү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүоссиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Тайип Эрдоган. Архив
оссиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын NTV каналы жеке булактарына таянып Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 40 мүнөткө созулганын маалымдаган.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүп, эки мамлекеттин достук мамилесин калыбына келтирүү үчүн кадамдар жасоону талкуулашкан. Бул тууралуу билдирүү Түркиянын президентинин сайтында жарыяланды.

"Түрк президенти менен Россиянын президенти телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эки тараптуу мамилени жакшыртуунун маанилүү экендигин белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.

Шанхай кызматташтык уюмунун - Sputnik Кыргызстан
Кытай ШКУнун Түркия менен кызматташуусун бекемдөөгө кызыкдар
Эки мамлекеттин башчылары ошондой эле жеке жолугушуу боюнча сүйлөшкөнү айтылат. Андан сырткары Путин Эрдоганга Стамбулдун аэропортундагы жардыруудан улам көңүл айткан.

Түркиянын NTV каналы жеке булактарына таянып, Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 40 мүнөткө созулганын маалымдаган.

Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу былтыр "Чоң жыйырмалыктын" Антальяда өткөн жыйынында жолуккан. Мундан көп узабай эле Түркия Россиянын аскерий Су-24 учагын атып түшүргөн. Бул окуядан кийин эки мамлекеттин ортосундагы мамиле солгундай түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0