УЕФА Стамбулдагы жарылуудан каза тапкандарга аза күтүүдөн баш тартты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТүркиянын элчилигинин алдына гүл коюп жаткан элдер.
Түркиянын элчилигинин алдына гүл коюп жаткан элдер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган союз буга чейин Стамбулдагы трагедиядагы каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Европалык футбол ассоциацияларынын Союзу (УЕФА) Францияда өтүп жаткан Европа чемпионатынын чейрек финалындагы беттешүүлөрдө Стамбулдагы терактыдан курман болгондор боюнча аза күтүү мүнөтүн жарыялабайт.

Манас эл аралык аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдан Бишкекке учактар аман-эсен келе баштады
УЕФА бул боюнча түшүндүрмө берип, "турнирди кабыл алып жаткан өлкөдө же беттешүүгө катышып жаткан жакта футболго тиешелүү кандайдыр бир окуя болсо" гана аза күтүү мүнөтү жарыяланарын айткан. Бул туурасында Ассошиэйтед пресстин Британиядагы спорттук кабарчысы Роб Харрис жазып чыкты. 

Аталган бирикме буга чейин Стамбулдагы трагедиядагы каза болгондордун жакындарына көңүл айткан. 

"УЕФА Стамбулдагы терактыга абдан кыжаалат болуп турат. Биз Түркия эли менен тилектешпиз жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деп жазылган алардын сайтында.

Эскерте кетсек, шаршембиге караган түнү аталган аба майданда үч ирет жарылуу болгон. Анын кесепетинен 41 адам каза болуп, 249 киши жаракат алган. Аэропортто бир катар эл аралык каттамдар токтогон. Терактыдан бир кыргызстандык жаран — 18 жаштагы Бахтияр Юнусов жабыркаган.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0