Стамбулдагы теракт жасаган үч жанкечтинин сүрөттөрү жарыяланды

© REUTERS / OSMAN ORSALПолиция кызматкерлери Ататюрк аэропортунда. Архив
Полиция кызматкерлери Ататюрк аэропортунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын сүрөтү таксиден түшкөндөн кийин көзөмөл камераларына тартылып калган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда жардыруу жасаган үч жанкечтинин даана сүрөтү жарыяланганын Habertürk басылмасы билдирди.

​Белгилей кетсек, 28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда үч жардыруу болуп, куралдуу кол салуудан акыркы маалыматтар боюнча 41 киши каза болуп, 239 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Взрывы в аэропорту Стамбула. Съемка камер слежения - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдун аэропортундагы жарылуу. Көзөмөл камерасына тартылган видео
Маалыматка ылайык, алар жардыруу уюштурганга чейин 32 күн мурун Стамбулдун Фатих районунан ижарага үй алышкан. Аэропортко кире бериште көзөмөл камерасына тартылып алынган видеодо экөөнүн жонунда, бирөөнүн колунда баштык бар экенин байкалган.

Бир жанкечти Россиянын жараны Чечен республикасынын тургуну О.В. экени аныкталды. Террорчулар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун борбору саналган Ракка шаарынан Түркияга келгени айтылууда.

Жарым жыл ичинде Түркиянын кайсыл жерлеринде кандай теракт болуп, канча адамдын өмүрүн алгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү топтомунан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0