Окумуштуулар Альцгеймер илдетине каршы даба табышты

© Sputnik / А. Варфоломеев / Медиабанкка өтүүМээнин нейрондук түзүлүшү. Архив
Мээнин нейрондук түзүлүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альцгеймер дартына туш болгондордун мээсиндеги нейрондор жабыркап, эс тутум начарлайт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар даниялык жана германиялык илимпоздор менен биргеликте Альцгеймер илдетине каршы даба табышты. Бул тууралуу РИА Новости Neurobiology of Aging журналына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Екатерина Люкманова баштаган Россиянын биоорганикалык химия институтунун окумуштуулары Копенгаген жана Лейпцигадагы кесиптештери менен биргеликте мээни залал тийгизүүчү таасирлерден коргой турган белокту ойлоп табышкан. 

"Белоктор жабыркаган клеткалар арасында байланыш түзүп, мээнин иштөөсүн жакшыртат", — деп айтылат маалыматта.

Альцгеймер дартына туш болгондордун мээсиндеги нейрондор жабыркап, эс тутум начарлайт. Мындан сырткары, акылынан адашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0