Роналду сууга ыргытып жиберген микрофон аукциондо сатылмай болду

© REUTERS / GONZALO FUENTESПортугалиянын курама командасында ойногон Криштиану Роналду. Архив
Португалиянын курама командасында ойногон Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалмакчы.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Correio da Manha басылмасында иштеген журналисттин сууга түшкөн микрофону аукционго коюлмай болгонун британиялык The Sun басылмасынын Twitter баракчасындагы маалыматка таянып Новости-Казакстан жазып чыкты.

Буга чейин Португалиянын курама командасында ойногон Криштиану Роналду суроо берген репортердун микрофонун алып сууга ыргытып жиберген. 

Криштиану Роналду Парижде Евро-2016 чемпионатынын алкагында өтүп жаткан матчта стадионго чуркап чыккан фанаты менен сүрөткө түшүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Стадионго чуркап чыккан фанат Роналду менен "селфилдеп", өөп алганга үлгүрдү
Окуя 22-июнда Европа чемпионатынын тайпалык этабынын алдындагы акыркы оюн маалында болгон. Роналду Лиондо өнөктөштөрү менен сейилдеп жүргөн учурда Correio da Manha басылмасынын кабарчысы жанынан келип: "Сиз оюнга даярсызбы?" деп сураган. Үн катпаган Роналду анын колундагы микрофонду алып, көлгө ыргытып жиберген да, жайбаракат сейилин улантып кеткен. 

Ага чейин атактуу футболчу анын жеке турмушун чагылдырган материалдары үчүн аталган басылма менен соттошуп келген.

Суучулдар көлдөн микрофонду алып чыгышканы айтылууда. Ал эми аукциондон түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0