Эрдоган сириялык качкындарга Түркиянын жарандыгын убадалады

© AFP / ADEM ALTANТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк лидери Сириядагы гуманитардык катастрофанын жоопкерчилигин Башар Асадга жүктөдү.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түркияны баш пааналап жаткан сириялык качкындардын өлкө жарандыгын алуусуна шарт түзүлө турганын президент Режеп Тайип Эрдоган Килис шаарында сириялык качкындардын алдында сүйлөп жатып билдирди.

Ал Түркия качкындар үчүн да мекен экенин айтты.

"Араңарда Түркиянын жарандыгын алгысы келгендер бар болсо керек. Биздин ИИМ учурда аталган багытта иш алып барууда. Жакын арада сириялык боордошторубузга ушундай жакшы мүмкүнчүлүк түзүп беребиз", — деди президент.

Эрдоган сириялык маселеде Анкара мурдагыдай эле позицияда экенин белгилеп, өлкөдөгү гуманитардык катастрофа үчүн жоопкерчиликти Башар Асадга жүктөдү.

"Өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон сириялык туугандардын саны 5 миллион кишиге жетти. Алардын үч миллиону биздин ирактык туугандар менен Түркияда турушат. Өлкөдөгү жети миллион киши да азап тартууда. Европа, Азия жана Африка мамлекеттеринен келип жаткан гуманитардык жардамдын катастрофасы Сириянын мойнунда. Бирок дүйнө коомчулугу мындай көйгөй бар экенине көз жумуп, аны көргүсү келбегендей мамиле кылууда", — деди ал.

Сирияда 2011-жылдын март айынан бери болуп жаткан куралдуу кагылыштан Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча 220 миң киши каза болгон. Өкмөттүн куралдуу күчтөрүнө түрдүү топтордун тарапташтары каршылык көрсөтүүдө. Алардын ичинен эң активдүүлөрү "Ислам мамлекети", "Жебхат ан-Нусра" террордук топтору.

Жаңылыктар түрмөгү
0