Песков украиналык товарлардын транзитине коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат катчы мындай кадамдар ЕврАзЭСтин, Бажы биримдигинин талаптарына байланыштуу болушу мүмкүн экенин болжолдоду.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Украиналык товарлардын Кыргызстанга Россия аркылуу келишине тыюу салуу ЕврАзЭСтин талаптарына ылайык болушу мүмкүн экенин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Эскерте кетсек, Украина россиялык товарлардын транзитине чектөө коёрун айтып жатат.

"Азыр так жооп бере албайм, бирок бул ЕврАзЭСтин, Бажы биримдигинин талаптарына ылайык болушу мүмкүн. Анткени Кыргызстан да, Казакстан да аталган уюмдарга мүчө", — деди ал. 

Буга чейин Россия президенти Владимир Путин украиналык товарлардын Казакстанга, ошондой эле Кыргызстанга транзиттик жол менен келишине Россиянын экономикалык коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыгын камсыздоо боюнча жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0