Окумуштуулар: спагетти менен макарон адамды семиртпейт

© flickr.com / Stuart WebsterСпагетти. Архив
Спагетти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диета кармаган адамдар макарон менен спагеттиден баш тартпай деле койсо болот.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Италиялык диетологдор менен биологдор спагетти менен макарон азыктарын колдонуу адамга ашыкча салмак кошпой тургандыгын аныкташты. Алардын билдиргенине караганда аталган азыктар, тескерисинче арыктоого жардам берет. Бул тууралуу Nutrition and Diabetes журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Италиядагы Neuromed институтунун окумуштуусу Лича Яковьелло ашыкча салмактан арылуу үчүн спагетти менен макарондон баш тартуу туура эмес экенин изилдөөлөр көрсөткөнүн билдирет. 

Яковьелло менен анын кесиптештери 20 миңден ашык италиялык жарандардын азыктануусуна көз салган. 

"Изилдөөлөр спагетти, макарон азыктары менен тамактанган адамдардын салмагы төмөн жана белдери ичке болоорун көрсөттү", — деп айтылат маалыматта. 

Окумуштуулар мындай тыянакка башка изилдөөчүлөр дагы келгенин айтып, диета кармаган адамдар макарон менен спагеттиден баш тартпай деле койсо болоорун айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0