АКШдагы башаламандык: 4 полиция кызматкери каза болуп, 11и жаракат алды

© REUTERS / Eduardo MunozАКШдагы каршылык акциясы. Архив
АКШдагы каршылык акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башаламандык жаралган маалда белгисиз жаран тартип сакчыларын көздөй ок чыгарган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Далластагы каршылык акциясынан улам төрт полиция кызматкери ажал тапса, дагы 11и жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Миннесота менен Луизианадагы афроамерикалыктардын атып өлтүрүлүшү коомчулукту дүрбөтүп, каршылык акциясын жаратты. Башаламандык жаралган маалда белгисиз жаран тартип сакчыларын көздөй ок чыгарган. Натыйжада төрт полиция кызматкери ажал таап, он бири жарадар болду. 

Кылмышка шектүү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. 

АКШнын Луизиана штатынын полициясы кара терилүү Алтон Стерлингди атып салган видеону Sputnik Кыргызстандан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0