Бразилия президенти Дилма Роуссефф өз ыктыяры менен отставкага кетпестигин айтты

© REUTERS / Ueslei MarcelinoБразилия президенти Дилма Роуссефф. Архив
Бразилия президенти Дилма Роуссефф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент айым мага 54 миллион добуш берилген, менде ар-намыс бар деди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бразилия президенти Дилма Роуссеффди сенат өзүнүн чечими менен кызматынан убактылуу четтеткенден кийин ал өз ыктыяры менен отставкага кетпей тургандыгы билдирди. 

Президент айымдын "мен жөн эле кош куушуруп отурум бербейм. Менде да ар-намыс бар", — дегенин Telesur телеканалы көрсөттү. Мындай маанидеги билдирүүсүн Дилма Роуссефф Сан-Паулу шаарындагы феминисттик кыймылдын өкүлдөрү менен жолугуп жатканда айткан. 

Бразилия депутаттары президентине импичмент жарыялоо демилгеси менен чыкты
Май айында Бразилиянын жетекчиси Дилма Роуссефф сенаттын чечими менен 180 күнгө кызматынан четтетилип, анын ордуна вице-президент Мишел Темер милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Август айында анын импичменти туурасындагы маселени биротоло чечүү каралган. Анткен менен Роуссеффди президенттиктен кетирүүнү демилгелеген Бразилиянын төмөнкү палатасынын экс-спикери Эдуардо Кунья өткөн бейшембиде отставкага өзү кеткен. Андан мурдараак Бразилиянын Жогорку соту президентке карата коррупциялык иштерди иликтөөгө тоскоолдук кылууга аракет кылгандыгы үчүн аны ыйгарым укуктарынан ажыраткан. 

Синьхуа агенттиги Роуссефф оставка боюнча ага басым жасалып жатканын жазды. 

"Менден суранып да, басым жасашып да өз каалоом менен отставкага кетишимди айтышты. Мындай кадамга эч качан барбайм, себеби мага 54 миллион добуш берилген", — деп айткан ал. 

Мамлекет башчысы Роуссефф айымды кызматынан кетирүүгө президенттик шайлоодогу мамлекеттик каражатты колдонуп, салык боюнча мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айтылган маалыматтар себеп болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0