АКШнын 113 жаштагы эң кары жараны каза болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКемпир. Архив
Кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михельсон 1902-жылы Елисаветградда (азыркы Кировоград шаарында) туулган экен.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. АКШнын эң улгайган жашоочусу Голди Михельсон 113 жашында туулган күнүнө бир ай жетпей каза болду. Кемпир Россия империясынын аймагында төрөлгөн экен. Бул туурасында РИА новости ABC News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Дүйнөдөгү эң узак жашаган аял каза болду
Gerontology Research Group кызматынын өкүлү Роберт Янгдын айтымында, Михельсон өмүрүнүн акыркы күндө эшикке дээрлик чыкпай калган. Жума күнү өзүнүн үйүндө түбөлүк жайга узаган. Телеканалдын маалыматына караганда, Михельсон 1902-жылы Елисаветградда (азыркы Украина, Кировоград шаарында) туулган экен. Бала кезинде ата-энеси менен Америкага жер которгон деген маалыматты айтышты.

Янг АКШда учурдагы эң улгайган жашоочу Адель Данлап учурда 113 жашта экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0