Маска таккан медицина кызматкери. Архив

Окумуштуулар адамзатына коркунуч жараткан ооруну атады

124
Вирустук гепатиттин айынан жыл сайын бир миллиондон ашык адам көз жумат. Мындай коркунуч Чыгыш Азияда байкалбайт.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Вашингтондогу университеттин жана Лондон империялык колледжинин окумуштуулары дүйнө жүзү боюнча вирустук гепатит майыптык менен өлүмдүн негизги себебине айланганын илимий EurekAlert порталына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Интернет булагындагы маалыматка караганда аталган дарт жайылышы боюнча ВИЧ СПИД менен кургак учук менен бирдей. 

Окумуштуулар өз изилдөөлөрүнө 1990-2013-жылдар аралыгында 183 өлкөдөн чогулган маалыматтарды колдонушкан. Натыйжада 20 жылдан ашык убакыт аралыгында вирустук гепатиттин айынан өлүмгө дуушар болгон жарандардын саны 63 пайызга өскөнү байкалган. Тагыраагы дартка байланыштуу жыл сайын 1,45 миллион адам өмүр менен кош айтышат. Ал эми СПИД менен кургак учуктан каза тапкандардын саны салыштырмалуу төмөндөгөн.

Мындан тышкары вирустук гапатитке кабылгандардын көпчүлүгү кирешеси жогору жана орто өлкөлөргө туура келери белгилүү болгон. Ал эми Чыгыш Азияда мындай коркунуч жокко эсе.

124
Белгилер:
дарт, гепатит, Окумуштуулар
Тема боюнча
Иммунологдор ракка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолун табышты
Көп функционалдуу тоскоолдук модулу. Архив

Кынтыксыз курал: Россиянын жаңы электромагниттик замбирегинин артыкчылыгы

91
(жаңыланган 12:28 07.07.2020)
Россия жасалма интеллект менен тескеле турган сокку уруучу учкучсуз аппараттар жана сооттолгон техникаларын, ал эми потенциалдуу душмандын жогорку технологиялык курал тутумдарын жана роботторун алыскы аралыктан кыйратуучу каражаттарын сыноодон ийгиликтүү өткөрүп келет.

Россия Федерациясынын Коргоо-өнөр жай комплексиндеги булактар россиялык электромагниттик замбиректердин сынамык үлгүлөрү бутасын 10 чакырымдык радиустан талкалаганын кабарлашкан. Бул туурасындагы аскерий баяндамачы Александр Хроленконун макаласы биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Демек, даана көрүнгөн аймакта аталган аппаратуранын компоненттерин электромагниттик импульс менен от алдыруунун эсебинен болжолдуу душмандын жогорку технологиялык аба жана жердеги куралдарынын таш-талканы чыгып калуу ыктымалдыгы бар. Дабышсыз ок атуу миллисекунданы алат, от дагы, түтүн да, же кайтарымы да жок.

Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

Радиолокациялык каражаттар жана спутниктик чалгындоо менен электромагниттик замбиректин ордун табууга мүмкүн эмес. Мурда электромагниттик замбиректин ыраактыгы үч чакырымга гана жетчү. Куралдын жаңы түрүнүн полигондук сыноолору 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Замбиректер абада учкучсуздарды, жерде ар кыл курал-жарактарды "куйкалап кетет". Россиялык куралдык электрониканын касташкандардын электромагниттик замбиректеринин таасиринен коргонуусу каралган. "Росэлектроника" холдингинин адистери мурда сооттолгон заманбап техникалардын электрондук жабдууларын, зениттик ракеталык комплекс жана учактарды душмандын радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын таасиринен коргой турган ферриттик буланы чыгарган.

Жаңы электромагниттик замбиректин пайдаланууга качан алынары белгиленген эмес, бирок кандай болгон күндө да Россия буга толук жакындап барат, ийгилиги ачык-айкын. Ушул тапта сынамык үлгүлөрү алда канча ыраактан учкучсуз учуучу аппараттарды, тик учак жана канаттуу ракеталарды кыйратууга жөндөмдүү.

Дал абадан коргонуу каражаты катары жаңы замбирек рекорд койду: 10 чакырым аралыктан абадагы окуу бутасын жок кылды. Эгер анын аракет ыраактыгын 20 чакырымга дейре узарта алышса, анда буталарынын разрядына заманбап аскердик учактар да кирип калат.

Россиялык коргоо-өнөр жай комплексинин акыркы жетишкендиктери деле көп күттүрбөйт деп боолголоого болот. Физикалык принциптеринде радиоэлектрондук курал Россия армиясы тарабынан эбак колдонулуп келет. Жакында эле Sputnik "Листва" аралыктан минаны зыянсыздандыруучу машина тууралуу баяндаган.

Алдыңкы катардагы электромагниттик замбиректер

Электромагниттик нурлануу технологиясына негизделген курал таасир принциби боюнча радиоэлектрондук күрөш тутумуна жакын. Ок-дары жана металлынын ордуна россиялык ЭМ-замбиректер жогорку жыштыктагы нурлануу кубатын пайдаланат. Жабыркатуучу электромагниттик нурлануу жарыктын ылдамдыгы менен таралат.

Ар бир ок атууга сарпталган энергия чыгымдарынын ири көлөмдө болушу дале көйгөй бойдон, бирок технология тынымсыз илгерилеп келет. Келечегинде электромагниттик замбиректер алтынчы муундагы учкучсуз оор истребителдерге, кургактагы күчтөрдүн техникасына жана Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелерине жайгаштырылышы ыктымал.

Эгер кайсы бир күнү согуш майданында душмандын учактары, тик учактары, учкучсуз аппараттары, канаттуу ракеталары, танк жана башка сооттолгон техникалары туруп-туруп эле иштен чыкса, алар согушту жүргүзүүнүн жаңы технологияларынын бутасында дегенди билдирет.

Электромагниттик замбирек учпай турган курал болуп саналат, электрониканы талкалайт, бирок тирүү күчтөргө ырайым кылат. Катуу электромагниттик нурлануу адамдын саламаттыгына өтө зыян, организмдин нервдик, иммундук, башка тутумдарын жабыркатат. Анткен менен эгер электромагниттик импульс абадагы учуучу аппараттын кыймылдаткычын токтотуп, микросхемаларды "өрттөсө", анда учкуч да соо калбайт, себеби катапульта да иштебей калат.

"Триумфалдык" келишим: Түркия С-400дү алары бышыкталды

Электромагниттик курал – белгилүү бир тармактарда иштөөгө багытталган инструменттердин бүтүндөй спектри. Магниттик талаа дүрмөткө баштапкы ылдамдыкты берүү үчүн кадимки артиллериядагы ок-дары (рельсотрондук замбирек) катары пайдаланылышы ыктымал.

Россияда радиоэлектрондук күрөш тутумдары, душмандын бардык радио жана электрондук аппаратурасын 4 чакырым радиустан өчүрүп кое алчу электромагниттик бомбаларын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Башкача айтканда, күчтөрдү байланышсыз жана башкаруусуз калтырып, бөлүктөрдү уюштурулбаган топторго айландырып кое алат. Электромагниттик замбирек жеңишке жетишүүгө жогорку технологиялык кошумча болот. Мындай замбирек куруу демилгеси Биринчи дүйнөлүк согуштун тушунда Россия жана Францияда бир убакта пайда болгону кызык. Ага электр магнетизм теориясынын автору, немис изилдөөчүсү Йоганн Карл Фридрих Гаусстун эмгектери негиз болгон.

Демилге өз мезгилинен озуп, аскердик техникада иш жүзүндө колдонулбай калган. Француз үлгүсү секундасына 200 метрлик ылдамдыкка чейинки 50 граммдык снарядга жеткирип, ачыгын айтканда, ал кадимки артиллерияга да караандаган эмес. Ал эми россиялык "магниттик-фугалык" замбиректин долбоору чертеждордо калган.

Электромагниттик куралдын демилгеси кайрадан 21-кылымдын башында жаңыра баштаган. Арцимовичтин рельсотрону 2011-жыл Россия Илимдер академиясынын Жогорку температуралар боюнча бириккен институтунун Шатур филиалынын лабораториясында ийгиликтүү сыноодон өткөн.

Электромагниттик замбирек абдан майда дүрмөттөр менен аткан, бирок ошол электромагниттик тездиктеги "майда буурчактар" өз жолунан кезиккен болот пластиналарын эритип (плазмага айландырып) кое алган. Андан туура беш жылдан кийин россиялык адистер материяны дээрлик биринчи космостук ылдамдыкка жеткире алышкан. Ошентип, бүгүнкү деңгээлге жетүүгө бир кыйла жол басышты.

Өнөктөштөрүн чаңында калтырат

Электромагниттик замбирек долбоорлору менен АКШ, Израиль, Түркия, Франция, Кытай да алектенүүдө. Ошентсе да бул өлкөлөрдүн эч бири "жогорку жыштыктагы оттун" он чакырымдык натыйжалуу ыраактыгына жетише элек. Мисалга, АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү атылган дүрмөтүнүн секундасына 2041 метрлик ылдамдыгы менен рельсотрондук замбирегин жайында сынады. Эске салсак, бул катуу абалдагы ок-дары (электромагниттик эмес импульс) баары бир заманбап ок артиллериясынын дүрмөтүнүн максималдуу ылдамдыгынан секундасына 2500 метрден аша албады. Болочоктогу согуштар үчүн бул тездик жетишсиз.

Рельсотрон — электромагниттик замбиректин ар кыл түрү, негизги элементтери — кубат булагы, коммутациялык аппаратура жана бир метрден беш метрге чейинки узундуктагы эки электр коштоочу рельс.

Плазманын энергиясынын жана электромагниттик талаанын өз ара аракеттенишинин эсебинен жогорку чыңалууну берүү учурунда ок атылат. Америкалыктар 2000-жылдардын башынан бери 475 миллиметрлик рельсотрондук замбиректи лабораториялык сыноодон өткөрүп келет (General Atomics жана BAE Systems компаниялары иштеп чыккан), бирок майнап чыкпасы айдан ачык.

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

Секундасына 2200 метрлик ылдамдыкта стволдон атылып чыккан 23 килограммдык салмактагы снаряд эбегейсиз кыйроолорго алып келет. Кайда жана канчалык алыска учары да белгисиз. АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн рельсотрондук замбирегинин тагдыры суктандырарлык эмес.

Ондогон ок атуу жана энергиянын өтө көп керектөө ресурстарынан улам аны алдыңкы америкалык Zumwalt эсминецте жайгаштыруудан баш тартышкан.

Кеме өз курал-жабдыгынын курмандыгы болбоого тийиш, ал эми электромагниттик замбиректин колдонуу аталган эсминецтин дээрлик бардык электроникасын, анын ичинде абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдарын өчүрүп салууну болжогон.

АКШнын Аскердик-деңиз институтунун адистери натыйжада Zumwalt тибиндеги "супер-эсминецтерди" командалык кемелер сапатында гана пайдаланууга уруксат берген.

Изилдөөлөр уланууда. Жогорку технологиялык курал тармагында өнүккөн өлкөлөр Россиядан артта экени айкын.

91
Белгилер:
өнөктөштөр, Россия, замбирек, курал-жарак
Тема боюнча
Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда
Антиторпеда: россиялык фрегаттардын өзгөчөлүгү
Киши ноутбук менен иштеп жатат. Иллюстративдик сүрөт

АКШ айрым чет элдик студенттерге онлайн окууга тыюу салды. Себеби

103
(жаңыланган 11:27 07.07.2020)
АКШда иммиграциялык статусу жок студенттер онлайн-класстар аркылуу толук окутуу курстарынан өтө алышпайт. Эгерде алар ушундай кырдаалга туш болсо, өлкөдөн чыгып кетиши зарыл.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. АКШнын иммиграциялык жана бажы полициясы Американын аймагында жашап, жогорку окуу жайларында онлайн билим алган чет элдик студенттердин окуусуна убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, бул эрежелер күзгү семестрге F-1 жана M-1 категориясындагы визалары бар студенттерге гана тиешелүү.

"АКШда иммиграциялык статусу жок студенттер онлайн-класстар аркылуу толук окутуу курстарынан өтө алышпайт. Эгерде алар дал ушундай кырдаалга туш болсо, өлкөдөн чыгып кетиши зарыл. Же болбосо иммиграциялык эмес статусун сактап калыш үчүн альтернативдүү кадамдарга барышы зарыл. Мисалы, окуу курсун өзгөртүп же ооругандыгы тууралуу документ бериши шарт", — деп айтылат маалыматта.

Мындай чаралар коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынганы кошумчаланды.

103
Белгилер:
эреже, студент, чет элдиктер, онлайн, окуу, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
 Врач и пациенты в отделении реанимации и интенсивной терапии городской клинической больницы имени В. В. Виноградова, переоснащенной для лечения пациентов с  COVID-19.

Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат

0
Өкмөт башчы "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Өкмөт эми бул мыйзамды ишке ашыруунун аракетин көрө баштады.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктердин айлык маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, өкмөт башчы "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Өкмөт эми бул мыйзамды ишке ашыруунун аракетин көрө баштады.

Аймактарда Бишкектегидей көрүнүш кайталанбасын! Бороновдун тапшырмалары

"Медицина кызматкерлерине жана медициналык мекемелерде иштеп жаткан башка адистерге төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша 25-30 пайызга көбөйтүлөт. Мисалы, буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вирусологиялык лабораторияда, обсерваторлордо жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге бир күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат. Ошондой эле буга чейин дарыгерлер бир айда 14 күн изоляцияда болсо, эми аны жети күнгө кыскартуу сунушу киргизилди. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо жогорку категориядагы дарыгер 29 күн үчүн жалпы 72 миң сомго чейин кошумча акы ала баштайт", — деди Боронов.

Өкмөт башчы буга чейин жогорку категориядагы дарыгерлер 47 миң сомго чейин кошумча акы алып жатканын кошумчалады.

0
Белгилер:
кошумча акы, медик, брифинг, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал