Зика вирусу Түштүк Кореяда кайрадан катталды

© AP Photo / Lynne SladkyЗика вирусун тараткан Aedes albopictus чиркейлери. Архив
Зика вирусун тараткан Aedes albopictus чиркейлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекенине кайтып келген 52 жаштагы жарандан Зика вирусу аныкталган. Бүгүнкү күнгө карата Түштүк Кореяда Зика вирусуна кабылгандардын саны алтыга жетти.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түштүк Кореялык медицина кызматкерлери өлкө аймагында Зика вирусу катталганын ырасташты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Пробирка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зика вирусу эми жыныстык катнаш аркылуу да жугуп баштады
Ренхап агенттигинин маалыматына караганда вируска чалдыккан 52 жаштагы жаран 2010-жылдан тарта Гватемалада жашайт. Ал эмгек өргүүсүн мекенинде өткөрүү үчүн келген.

Бүгүнкү күнгө карата Түштүк Кореяда Зика вирусуна кабылгандардын саны алтыга жетти. Алардын үчөөсү Филиппинге барганда, бирөө Вьетнамда, экинчиси Доминиканда, дагы бирөө Бразилияда жүргөндө жуктуруп алышкан.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет. Ал биринчи жолу 1947-жылы Угандада пайда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0