Багдадда бейкүнөө өлгөндөрдүн саны 11 жетти

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүБагдад шаары, Ирак. Архив
Багдад шаары, Ирак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттиктин маалыматында, жарылуу базарда болуп, азырынча бул окуяга эч ким жоопкерчилик ала элек.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ирактын борборунда миналанып, жарылган автоунаадан каза болгондордун саны 11 жетти. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянып кабарлады.

Буга чейин каза болгондордун саны тогуз, ал эми жарадар болгондордун 32ге жеткени айтылып жаткан.

Машины скорой помощи Стамбула возле аэропорта имени Ататюрка в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы жардырууга КР жаранынын тиешеси бардыгы азырынча тастыктала элек
Ичине жардыргыч зат салынган автоунаа негизинен шииттер жашаган Рашидия районунда жарылган. Агенттиктин маалыматында, жарылуу кайрадан базарда болуп, азырынча бул окуяга эч ким жоопкерчилик ала элек. 

Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун пайда болгондон тарта сээлдеп калган жарылуулар кайрадан жанданып, адам өмүрлөрү чалгы менен чапкандай кыйылып келет. Алардын курмандыгы негизинен жергиликтүү жашоочулар болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0