Согушкерлер туткундалган журналисттин жаңы видеосун жарыялады

© REUTERS / STRINGER"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желегин кармаган согушкер. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желегин кармаган согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист бомбаланган жерде кадимкидей эле өтүп жаткан күнүмдүк жашоо толугу менен жок болду деген пикирин айткан.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери британиялык аскер фото кабарчысы Жон Кэнтлинин жаңы видеосун жарыялашты. Ал 2012-жылдан бери согушкерлердин туткунунда отурат. Бул тууралуу РИА Новости Mirror гезитине шилтеме кылып билдирди. 

Пальмира шаарынын көчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пальмиранын үстүнөн Ми-25 атып түшүрүлүп, россиялык эки учкуч курман болду
Согушкерлер буга чейин Кэнтлинин туткундагы бир нече видеосун жарыялаган. Роликтердин биринде The Sunday Times, The Sun жана The Sunday Telegraph басылмаларынын мурдагы кызматкеринин Сирияда туткунга 2012-жылы түшкөндүгү айтылат. Ал АКШны "Ислам мамлекетине" каршы аскерий операциялардан баш тартууга чакырган.

Ал эми жаңы жарыяланган видеодо Кэнтли Ирактын Мосул шаарындагы талкаланган университеттин имаратынын алдында турат. 43 жаштагы журналист аталган окуу жайга мындан 3 ай мурда бомба ташталгандыгын жана анын "салмагы 2 миң футка (900 килограммга жакын – ред.) болгондугун айтып берип жатат. 

"Силер өзүңөргө өзүңөр эмне үчүн коалиция университетти жоюу чечимин кабыл алды деген суроого жооп берип көрсөңөр.Бул жердеги кадимкидей эле өтүп жаткан күнүмдүк жашоо толугу менен жок болду",— деп айткан журналист АКШнын коалициясына.

Ирактын борбору Багдадда жарылуунун кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Багдаддагы жарылуудан өлгөндөрдүн саны 250гө жетти
Ал эми мартта интернетке тарап кеткен видеодо кара кийинип алып, талкаланган Мосул шаарын аралап жүргөн журналист шаардын турмушу тууралуу баяндап берет. Ал сөз арасында "декабрдагы аба ырайы" деген сөздү айткан. Ал АКШнын президенти Барак Обаманын иш-аракеттерин сындап, алардын "Ислам мамлекети" менен согушун маанисиз иш деп атаган.

Февралда жарыяланган видодо Кэнтли "халиват" деп жарыялап алган аймактагы жашоо туурасында баяндап берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0