Эрдогандын Стамбулдан белгисиз жакка учуп кеткендиги кабарланууда

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканал Түркиянын жетекчисинин кайсы багытка сапар алгандыгын так айткан эмес.

БИШКЕК, 16-июл. – Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданынан белгисиз жакка учуп кеткендигин "Аль-Жазира" Twitter баракчасына кабарлады.

"Эрдоган "Ататүрк" аба майданынан белгисиз жакка учуп кетти", — деп айтылат социалдык тармактагы маалыматта.

Телеканал Түркиянын жетекчисинин кайсы багытка сапар алгандыгын так айткан эмес.

Эрдогандын Стамбулга борбор калаа Анкарадан бүгүн эртең менен келгендигин кабарлашты.

Ал журналисттерге кайрылып, төңкөрүш жасоо аракети ордунан чыкпай калгандыгын жана ал басыларын айткан.

Жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтарда кагылышуулардан улам курмандыктардын саны 100дөн ашып, жарадарлар 1 154кө жетти. 

Беш генерал менен 29 полковник кызматтан четтетилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0