Еревандагы полиция имаратын басып алгандар кишилерди туткунга алып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Жазылуу
Буга чейин куралчан топ Еревандын четиндеги полициянын бөлүмүн басып алган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы полициянын кайгуул-күзөт кызматына кол салуу болгонун маалымдаганын РИА Новости билдирди.

"17-июлда Ереванда эртең менен Армения полициясынын кайгуул-күзөт кызматына кол салуу болду. Айрым кишилер туткунга алынды", — деп айтылат маалыматта.

Армениянын полиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арменияда куралчан топ полициянын имаратын басып алды
Улуттук коопсуздук кызматы социалдык тармактар аркылуу көтөрүлүш башталып, имараттар басып алынып жатканы боюнча жалган маалымат таратууга аракеттер болгонун билдирди.

Куралчан топ менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, аларды багынып берүүгө чакыруу иштери жасалып жатат. Мыйзамга каршы келген бардык аракеттердин алды алынат деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, куралчан топ карабах кабалаңынын катышуучусу катары камакка алынган "Жаңы Армения" коомдук куткаруу оппозициялык фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0