Түркияда билим берүү системасындагы 15 миң киши иштен четтетилди

© REUTERS / Baz RatnerАнкара шаарында Түркиянын желеги. Архив
Анкара шаарында Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө бийлиги билим берүү мекемелеринде эмгектенгендердин иши текшерилерин айтты.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Түркиянын билим берүү министрлиги өлкөдө аталган системада иштеген 15,2 миң кишини иштен четтетти. Аскердик төңкөрүш аракетинен кийин алар боюнча иликтөө иштери башталды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

"15-июлдагы окуялар алардын бардыгы террордук уюмга тиешеси бар экендигин көрсөттү. Алар кесибине байланыштуу бардык иштерден четтетилиши керек. Буга байланыштуу аталган министрлик билим берүү мекемелеринде иштегендерди текшерип чыгат. Алар боюнча башталган иликтөөлөргө байланыштуу 19-июлдан тарта өлкөдө аталган системада иштеген 15,2 миң киши четтетилди",— деп айтылат мааалыматта.

Анкарадагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда бийликти басып алууга болгон аракеттен соң 14 кеме жана 2 тик учак жоголду
Жума күнү, 15-июлда Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялаган. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөгөн. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтарда кагылышуулардан курмандыктардын саны жүздөп саналат, ал эми жарадар болгондору миңден ашты. 

Түркияда беш генерал менен 29 полковник кызматтан четтетилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0