Түркияда үч айга өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

© REUTERS / Murad SezerТүркиянын полиция кызматкерлери Стамбулда. Архив
Түркиянын полиция кызматкерлери Стамбулда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадам жарандардын укугун жана эркиндигин камсыздоону натыйжалуу жана тез арада ишке ашыруу үчүн жасалууда.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган өлкөдө үч айга чейин өзгөчө кырдаал абалы киргизилгенин маалымдады.

"Түркияда аскердик төңкөрүш кылууга болгон аракеттен улам өлкөнүн баш мыйзамынын 120-беренесине ылайык жарандардын укугун жана эркиндигин камсыздоону натыйжалуу жана тез арада ишке ашыруу үчүн үч айга чейин өзгөчө кырдаал абалы киргизилди", — деп Эрдоган Коргоо кеңешинин жана өкмөттүн жыйынында айтты.

16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулар аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылышкан. Негизинен окуялар Анкара жана Стамбул шаарында болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, бул каргашадан 290 киши каза болуп, 1,5 миңдей киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0