Окумуштуулар рак илдетин ден соолукка зыян келтирбей дарылаган даба ойлоп табышты

© Фото / Emiko Paul, Quade Paul, Echo Medical Media; Ron Gamble, UAB Insight"Ктулху" аттуу дары клеткалары. Архив
Ктулху аттуу дары клеткалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва мамлекеттик университетинин профессору Любовь Осминкинанын айтымында буга чейинки рак илдетине каршы колдонулган дарылар ден соолукка зыян тийгизип келген.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Москва мамлекеттик университетинин окумуштуулары Германиядагы Йене университетиндеги кесиптештери менен биргеликте рак илдетине каршы даба табышты. Аталган дары адам ден соолугуна залал тийгизбейт. 

Москва мамлекеттик университетинин профессору Любовь Осминкинанын айтымында буга чейинки рак илдетине каршы колдонулган дарылар ден соолукка зыян тийгизип келген.

"Жаңы ойлоп табылган дары рак клеткаларын аз убакыт ичинде жок кылат. Ал адамга терс таасирин тийгизбейт", — деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар аталган дарыны ойлоп табууга көп убакыт короткону менен, майнаптуу жыйынтыка ала алышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0