Мюнхендеги атышуудан жарадар болгондордун саны 35 кишиге жетти

© AFP / Andreas Gebert / dpa Мюнхенде атышуу болгон жайда полиция кызматкери. Архив
Мюнхенде атышуу болгон жайда полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч адам дагы деле оор абалда ооруканада жатат. 10 кишинин жарааты катуу, төрт адам октон жабыркаган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мюнхендеги атышуудан каза болгондордун саны 35 адамга жетти деп билдирди РИА Новости n24 телеканалына шилтеме берүү менен.

Мюнхендеги ок атууга болгон жайдан адамдарды эвакуациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Мюнхендеги кыргыздарды эл көп чогулган жайларга барбоого чакырат
Маалыматтарга караганда, булар атышуу эле эмес, жалпы шаардагы дүрбөлөңдөн да улам көз жумгандар. Үч адам дагы деле оор абалда ооруканада жатат. 10 кишинин жарааты катуу, төрт адам октон жабыркаган.

Жума күнү, тагыраагы 23-июлда Мюнхендеги (Германия) "Олимпия" деп аталган соода борборунда атышуу болуп, маалыматтарга караганда тогуз адам мерт болгон. Полициянын маалыматына караганда, ок чыгарган жаран 18 жаштагы түбү ирандык бала экендиги аныкталды. Ал эмне себептен мындай ишке барганы азырынча тактала элек. Тартип сактоочулар ал элге жалгыздап ок чыгарганын, аягында өзүн өзү өлтүргөнүн кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0