АКШдагы түнкү клубдун бириндеги атышуудан эки адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармаган адам. Архивй
Тапанча кармаган адам. Архивй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуядан 17 адам жабыркап, жергиликтүү ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. АКШнын Флорида шаарындагы түнкү клубдардын биринде атышуу болуп, эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Wink News телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. 

Мюнхенде атышуу болгон жайда полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мюнхендеги атышуудан жарадар болгондордун саны 35 кишиге жетти
Окуя дүйшөмбүгө караган түнү Форт Майерс шаарындагы Club Blu түнкү клубунда болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер эс алып жаткан өспүрүмдөргө ок жаадырган. Ал учурда клубда 13 жаштагы балдар эс алып жаткан. 

Окуядан 17 адам жабыркап, жергиликтүү ооруканага жаткырылды. 

Кылмышка шектүү бир адам кармалып, экинчиси изделүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0