Гүлен: Эрдоган жеке басарга айланып баратат

© AP Photo / Selahattin SeviДин аалымы, учурда АКШда жүргөн Фетхуллах Гүлен. Архив
Дин аалымы, учурда АКШда жүргөн Фетхуллах Гүлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин аалымы түрк бийлиги аны далилсиз айыптап жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Дин аалымы, учурда АКШда жүргөн Фетхуллах Гүлен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды авторитардык режимге умтулууда деп айыптады. Мындай пикирин Гүлен New York Times гезитиндеги макаласында билдирген. 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк министринин чакырыгы "Себат" лицейлеринин жабылуусун шарттайбы
Эскерте кетсек, 16-июлдун түнүндө козголоңчулар Түркияда аскердик төңкөрүш кылууга аракет кылган. Алардын бул аракети ишке ашпай калганын түрк бийлиги билдирди. Акыркы маалыматтарга караганда бул капсалаңдан үч жүзгө жакын киши каза болуп, эки миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алган. Бул баш аламандыкты дин аалымы Фетхуллах Гүлен уюштурганын айткан түрк бийлиги анын тарапташтарын террордук уюм деп жар салган.

"Түркиядагы аскердик төңкөрүш кылууга болгон аракетти мен айыптайм. Өкмөт жеңишти зордоп эмес, тынчтык жолу, таза шайлоо менен камсыз кылыш керек. Өлкөдө болгон акыркы окуяларга терс мамиледе экениме карабастан, авторитардык режимге умтулган Режеп Тайип мени күнөөлөп жатат", — дейт ал.

Гүлен өз макаласында аны Түркияга бербөөнү, себеби ал жакта адилеттүү сот жок экенин баса белгилеген. Андан сырткары, ал Эрдоганды АКШны шантаж кылып жатат деп айыптады. 

"Түркиянын президенти АКШны "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалицияга жардамды азайтабыз деп коркутуп жатат", — деген пикирин билдирген.

Өлкөнүн күч түзүмдөрү төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар деген шек менен 10 миңден ашык кишини кармаган. Алардын ичинде 118 генерал жана адмиралдар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0