Арменияда атышуудан кийин Тез жардамдын дарыгерлери барымтага алынды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүЕревандагы тез жардам автоунаасы. Архив
Еревандагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доктурлар атышуудан жабыркагандарга жардам берүү маскатында барышкан.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ереванда Тез жардам кызматынын дарыгерлерли барымтага алынды. Бул тууралуу Sputnik Армения агенттиги билдирди. 

Шаршембиге караган түнү Армениянын борбору Ереванда "Сасна црер" куралдуу тобу менен полиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, андан үч адам жабыркаган. 

"Атышуудан улам жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында барган Тез жардамдын дарыгерлерин куралдуу топ барымтага алды", — деп айтылат маалыматта. 

Обстановка у захваченного здания полиции после появления митингующих - Sputnik Кыргызстан
Ереванда басып алынган полициянын имаратынын алдына чогулгандар чакырыктарды кыйкырышты
Полиция кызматкерлери барымтадагы адамдарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. 

17-июлда эртең менен Армениянын борбору Ереван шаарынын Эребуни аймагындагы полициянын имаратын куралчан топ басып алган. Алар камакка алынган Армениянын "Учредительный парламент" оппозициялык жарандык демилгесинин координатору Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0