Индияда үч кабаттуу имарат кыйрап, беш кишинин өмүрүн алды

© AFP / STRИндиянын тез жардам унаасы. Архив
Индиянын тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган имарат авариялык абалда экени, жергиликтүү бийлик анда жашоого тыюу салганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Индиядын Махараштра штатында үч кабаттуу имарат кыйрап, беш киши каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Ош облусунун Ноокат районундагы Каареке айылында кулаган 32 түп терек - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта 32 түп терек кулап, сарайды басып калды
Кырсык бүгүн эртең менен Мумбаи шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Бхиванди шаарында болгон.

Имаратта сегиз үй-бүлө жашап келгени, кеминде 30 адам уранды алдында калышы мүмкүн экени айтылууда. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат.

Маалыматта аталган имарат авариялык абалда экени, жергиликтүү бийлик анда жашоого тыюу салганы белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0