Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын портретин көтөргөн жарандар. Архив

Германия соту Кельндогу акция учурунда Эрдогандын сөзүн трансляциялоого тыюу салды

86
(жаңыланган 18:34 31.07.2016)
Алдын ала маалыматтарга ылайык, акцияга 30 миңде ашууна адам келиши мүмкүн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Германиянын конституциялык соту түрк бийлигин колдоо максатында Кельн шаарында өтө турчу акция учурунда Режеп Тайип Эрдогандын сөзүн трансляция кылууга тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости Deutsche Welle телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү Германиянын Кельн шаарында түрк бийлигин колдогон акция өтөт. Анда Түркия президентинин кайрылуусу күтүлүүдө. 

Телеканалдын берген маалыматы боюнча иш-чарага 30 миңден ашуун адам келиши мүмкүн. Шаардык полиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. 

Белгилей кетсек, 16-июль күнү Түркияда төңкөрүш жасоого аракет болуп, бир канча адам жабыркаган.

86
Белгилер:
президент, мамлекеттик төңкөрүш, Түркия
Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
Тема боюнча
Түркияда камакка алынган 758 аскер бошотулду
Түркиянын жогорку аскер кеңеши 99 полковниктин наамын жогорулатты