Сторонники президента Турции Режеп Тайип Эрдогана во время демонстранции в Стамбуле

Түркияда Гүлен менен байланышы бар делген дагы 1,3 миң киши жумуштан алынды

45
Расмий Анкара бийликти тартып алуу аракетинин артында белгилүү дин аалымы Фетхуллах Гүлен турарын айтып, АКШдан аны экстрадициялоону талап кылышкан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Түркия бийлиги дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелген дагы 1389 аскер адамын жумуштан бошотконун Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 16-июлдун түнүндө түрк аскерлери бийликти күч менен тартып алууга аракет кылып, төңкөрүш ишке ашпай калган. Мунун кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгон. Анын ичинен 104ү козголоңчулар.

Шаршемби күнү төңкөрүш аракетинен соң түрк армиясынан 1684 офицер, анын ичинде 149 генерал менен адмирал жана 1099 полковник жумуштан алынганы белгилүү болгон. 

Түрк бийлиги козголоңчулардын артында белгилүү дин аалымы Фетхуллах Гүлен турарын айтып, АКШдан аны экстрадициялоону талап кылышкан. Өз кезегинде Гүлен окуяга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, президент Режеп Тайип Эрдоган бийликти бир колго алууга аракет жасап жатканын кошумчалаган.

45
Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Аскер, Түркия
Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
Тема боюнча
Түркияда бийликти басып алууга болгон аракеттен соң 14 кеме жана 2 тик учак жоголду
Түркияда камакка алынган 758 аскер бошотулду