Пляжда эс алгандар. Архив

Азербайжанда сууга чөгүүдөн сактап калчу чолок шым жасалды

62
(жаңыланган 19:04 02.08.2016)
Cууга чөгүп бараткандар чолок шымдын атайын жибин тартканда андан куткаруучу кур чыгат. Анын болжолдуу баасы 60-70 долларды түзөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Эки азербайжандык жаран сууга чөгүп бараткандарды куткара турчу чолок шым ойлоп табышканын The First News маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Элшан Зейналов менен Самед Ханмамедли ойлоп тапкан нерсесин "swimsos" деп аташты.

Cууга чөгүп бараткандар чолок шымдын атайын жибин тартканда андан куткаруучу кур чыгат. Буюмдун болжолдуу баасы 60-70 долларды түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2016-жылдын алты айында 48 киши чөгүп кеткен. Алардын 23ү эркек киши, бешөө аял болсо, 20сы балдар болгон. Былтыр жай мезгилинде 39 киши сууга чөгүп көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын дүйнөдө 400 миң киши чөгүп кетет.

62
Белгилер:
ойлоп табуу, Суу, Азербайжан
Тема боюнча
Сууга чөгүп кеткен 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Бостериде эс алып жүргөн жаран көлгө чөгүп кетти
Пикирлер