Испанияны жыландар каптап кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыландар европалыктар эс алуу үчүн эң көп келген Балеар архипелагындагы аралда көп агылууда.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Испания Европа биримдигинен Балеар архипелагындагы аралына жыландардын чабуулунан коргоо үчүн жардам сурап кайрылганын РИА Новости RTBF телекомпаниясына таянуу менен жазды.

Балык менен жыландын кармашы. Жаңы конуштан тартылып алынган тасма - Sputnik Кыргызстан
Балык менен жыландын кармашы. Жаңы конуштан тартылып алынган тасма
Маалыматка ылайык, бул арал европалыктар арасында эң популярдуу.

Еврокомиссиянын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкы директору Даниель Кальеха менен жолуккан Испаниянын айыл жана балык чарба министри Висенк Видаль аралдагы сойлоп жүрүүчүлөрдү жыландардын кол салуусунан коргоо үчүн жардам сурады.

2015-жылы аралдын жетекчилиги зайтун бактарын алып келип, сойлоп жүрүүчүлөрдү коргоого аракет кылган. Зайтун бактары сойлоп жүрүүчүлөрдүн сүйүктүү тамагы болуп эсептелет. Бирок мындай кадам эч кандай жыйынтык берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0