Иранда окумуштуу физик өлүм жазасына тартылганы маалымдалууда

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТегеран шаарына көрүнүш. Архив
Тегеран шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар окумуштууну АКШнын атайын кызматы менен иштөөгө макул болгон деп маалымдашса, окумуштуу өзү андан баш тартканын билдирген.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ирандык өзөктүк курал боюнча физик Шахрам Амиринин апасы баласы өлүм жазасына тартылды деп маалымдагынан РИА Новости агенттиги BBC телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. 

Апасынын айтымында, өлкө бийлиги баласынын сөөгүн үй-бүлөсүнө берген. Анын моюнунда асып өлтүрүлгөнүн тастыктаган жиптин издери калган. Анын сөөгүн жакындары жерге беришти.

Иранда өлүм жазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирандын бийлиги 25 террорчуну өлүм жазасына тартты
Өзөктүк курал боюнча физик Шахрам Амири 2009-жылы Сауд Аравиясында жоголуп кеткен. Тегерандын маалыматына ылайык, аны АКШнын чалгындоо кызматы уурдаган. Айрым ЖМКлар окумуштуу мекенине кайтып келүүнү каалаган эместигин жана АКШнын атайын кызматтары менен иштешүүгө макул болгонун жазып чыгышкан.

2010-жылы Амири мекенине алып келинген. Ал маалымат жыйынында АКШнын атайын кызматтары алар менен чогуу иштешүү үчүн 50 миллион доллар сунуштаганын айтып, бирок, ал андан баш тартканын билдирген.

Ал "уурдалып" кеткенге чейин "Малек Аштар" технологиялык университетинде катарды кызматкер болуп иштеген. Расмий Тегеран анын ирандын өзөктүк программасына тийиштиги жокутугун айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0