Кытай мобилдик байланыш үчүн алгачкы спутнигин космоско учурду

© Фото / NASAВид с космоса на землю. Архивное фото
Вид с космоса на землю. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спутник космостогу башкы маалымат таратуучу инфраструктурага айланат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кытай мобилдик байланыш үчүн өзүнүн улуттук алгачкы спутнигин космоско учурду. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, спутник ишемби күнү Сычуань провинциясындагы Сичан космодромунан учурулган.

Ал "Чанчжэн-3B" ракетасынын жардамы менен асманга көтөрүлүп, космостогу башкы маалымат таратуучу инфраструктурага айланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0