Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив

Түркия президенти өлкөгө кайрадан өлүм жазасын киргизүүгө даяр турат

54
(жаңыланган 10:02 08.08.2016)
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Түркия өлүм жазасын кайрадан киргизсе, ЕБ өлкөнү европалык блокко кошуу иштерин токтото тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 8-авг — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эгерде өлкөнүн парламенти колдоп берсе, аскердик төңкөрүш аракетин жасагандарга карата өлүм жазасын киргизүү документине кол коюуга даяр экенин билдирди.

Эрдоган жекшемби күнү кечинде өлкөнү колдоо үчүн Стамбул шаарында миңдеген адам катышкан митингде чыгып сүйлөгөн. Ал жерге президент тарабындагылар жана оппозиция өкүлдөрү да келген. 

"Бүгүн бул жерге саясий партиялардын өкүлдөрү да келди. Өлкөдөгү бийлик элге таандык экендигин ар бириңер билсеңер керек. Ал эми жарандар өлүм жазасын талап кылууда. Мындай талаптарды Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент) карайт. Эгерде муну парламент колдосо, андан аркы иштер кандай болору белгилүү. Ачык эле айтып коёюн, бул мыйзамды бекитүүгө туура келсе, мен ага кол коём",— деген Эрдогандын сөзүн Anadolu агенттиги келтирди. 

16-июлга караган түнү Стамбул менен Анкара шаарларында козголоң чыгып, аскердик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Бийликтин көргөн чарасы менен ал ишке ашпай, акыркы маалыматтар боюнча 246 киши каза болгон. Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Түркия бийлиги бул аракеттерге диний үгүттөөчү Фетуллах Гүлендин тийиштиги бар экендигин айтып, АКШдан аны экстрадиция кылууну талап кылган. Ал эми Гүлен козголоңду айыптап, ага катыштыгы жок экендигин айткан. 

Түркияда өлүм жазасы акыркы ирет 1984-жылы аткарылган. 2004-жылы май айында Баш мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин өлүм жазасы алып салынган. Бул иштер Европа биримдигине (ЕБ) кирүүдөгү стандарттарга тууралап жасалган. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Түркия өлүм жазасын кайрадан киргизсе, ЕБ өлкөнү европалык блокко кошуу иштерин токтото тургандыгын айтты. 

54
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, өлүм жазасы, Европа биримдиги, Режеп Тайип Эрдоган, Түркия
Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
Тема боюнча
Түрк министри Кыргызстанда баш аламандык болушу мүмкүндүгүн кайтадан эскертти
Түркиянын жогорку аскер кеңеши 99 полковниктин наамын жогорулатты
Пикирлер