Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Түркия президенти Эрдоган Путинди "досум" деп атады

792
(жаңыланган 12:45 08.08.2016)
Россия менен Түркиянын солгундап кеткен мамилелерин кайра жандандыруу максатындагы эки өлкөнүн президенттери эртең, 9-августта Россиянын Санкт-Петербург шаарында жолугат.

БИШКЕК, 8-авг.— Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путинди "досум" деп атады. Бул туурасында Sputnik Түркия маалымат агенттиги бир катар ЖМКларга таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Эрдоган Россияга келип, акыркы мезгилдерде суук селки тартып кеткен орус-түрк мамилелерин жылытууга аракет кылат. 

"Бул тарыхый иш сапар жана жаңы башталыш. Досум Владимир менен сүйлөшүүлөрдө эки тараптын мамилелеринин жаңы барактары ачылат деп ишенип турам. Биздин өлкөлөрдүн алдында жасала турган көп иштер турат", — деп айткан ал россиялык ЖМКлардын бирине берген маегинде. 

Россия менен Түркиянын мамилелерин кайра жандандыруу максатындагы эки өлкөнүн президенттери эртең, 9-августта Россиянын Санкт-Петербург шаарында жолугат.

Россиялык Су-24 учагы Сириянын аймагынан түркиялык F-16 ракетасы менен ноябрь айында атып түшүрүлгөн. Экипаждын командири менен штурманы учактан секирип чыгууга үлгүрүшкөн. Командир Олег Пешков согушкерлердин аткылоосунан абада эле өлтүрүлгөн, ал эми штурман Константин Мурахтин Россия жана Сирия аскерлери тарабынан куткарылган.

Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын бул кадамын "далыга урулган бычак" катары сыпаттаган. Бул окуядан кийин Россия менен Түркиянын мамилеси кескин солгундап кеткен.

792
Белгилер:
Су-24, учак, Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Санкт-Петербург, Түркия
Тема боюнча
Путин менен Эрдоган августта Санкт-Петербург шаарында кезикмей болушту
Пикирлер