Таиланддык штангист Круайтхонг Бразилиядары олимпиада оюндары учурунда

Риодо алтынга жетпей калган спортчунун чоң энеси аны сыналгыдан көрүп жатып көз жумду

301
(жаңыланган 18:03 08.08.2016)
Таиланддагы карыянын өлүмүнө Олимпиада себепкер болгон-болбогону такталууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Таиланддык штангист Синпхет Круайтхонганын чоң энеси небересинин Олимпиада оюндарына катышып жатканын көрүп отурган жерде каза болгонун Р-Спорт агенттиги билдирди.

Синпхет Круайтхонга 289 килограммды көтөрүп, коло медаль тагынды. Ал эми алтынды кытайлык Лун Цинцюань илип кетти. 

"Алдын ала маалыматтар боюнча чоң эне небересинин штанга көтөрүп жатканын көрүп отурган жерден каза болгон. Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө башталды. Чын эле Олипиаданы көрүп каза болдубу же буга чейин оорукчан беле, айтуу кыйын", — деп айтылат маалыматта. 

XXXI-жайкы Олимпиада оюндары быйыл Рио шаарында өтүүдө.

301
Белгилер:
чоң эне, өлүм, Олимпиадалык оюндар
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио Олимпиадасына келген марокколук мушкер аялдарга асылганы үчүн камакка алынды
Тарыхта 19 жолу Олимпиада чемпиону болгон алгачкы спортчу пайда болду
Пикирлер