БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Американын Тенниси штатында "шайтан дөңгөлөк" аттракционунан үч бала кулап кеткенин РИА Новости агенттиги АВС NEWS телеканалынын маалыматына таянып жазып чыкты. Ал эми телеканал маалыматты полициядан алганын айткан.
Балдар 14 метр бийиктиктен кулашкан. Окуя Грин аймагындагы көңүл ачуучу паркта болуп өткөн. Полицияга маалымат берилип, балдар тез аранын ичинде ооруканага жеткирилген. Алардын абалы орто, берилген суроолорго жооп берүүгө жарап жатышат.
"Биз бул окуя эмнеден улам келип чыкканын азырынча билбейбиз", — деди полициянын өкүлү Тип Дэвис.
Кырсыктан улам механикалык аттракциондор ишин токтотту. Ал эми парктын башка көңүл ачуучу аттракциондору иштеп жатат.