ЖМК: Францияда 16 жаштагы кыз теракт кылууну пландаган

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФранциянын полиция кызматкери. Архив
Франциянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теракт кылам деп коркуткан өспүрүм кыз Telegram мессенжер тобунда администратор болгон.

БИШКЕК, 9 авг — Sputnik. Францияда теракт кылууну пландаган деген шек менен 16 жаштагы кыз кармалганын Франс Пресс агенттигине таянып, РИА Новости билдирди. 

Пакистандын Кветта шаарындагы ооруканадагы жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Пакистанда ооруканадагы жардыруудан 93 киши набыт болду
Маалымдалгандай, ага карата "террористтер менен бирге кылмышка барууга макулдашуу " жана "онлайн-байланыш аркылуу теракт кылууну шыкактоо" кинеси коюлганын агенттикке анонимдүү булак кабарлаган. 

Париждин прокуратурасы кызды камакка алуу жана ага карата соттук териштирүүнү баштоо буйругун чыгарган. Өспүрүм кызды антитеррористик операциянын алкагында өткөн жумада кармашкан. Ал Telegram мессенжер тобунда админстротор болгондуктан, ошол жерден теракт жасоо коркунучу тууралуу жазган. Ошондой эле кыз "Ислам мамлекети" террористтик тобун даңазалаган маалыматтарды жарыялап жүргөн. 

"Ал ИМ тобун даңазалаган, адамдарды кол салууга чакырган жана өзү да чабуулга чыкканга каалоосу күч экенин билдирген маалыматтарды көп жарыялаган" — деп билдирет агенттик. 

Өспүрүм кыздын компьютери жана телефону алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0