Красноярскиде кызын өлтүргөн кыргызстандык аял 12 жылга соттолду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя мындан эки жыл мурун болгон. Кошуналары кыздын бети-башы көгөрүп жүргөнүн көп көрүп, ал үйдөн чыккан баланын ыйына, кыйкырык ызы-чууга далай ирет күбө болушкан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиянын Красноярск крайында төрт жаштагы кызын сабап өлтүргөн кыргызстандык аялды 12 жылга соттоо өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу аймактын прокуратурасы өз сайтында билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя мындан эки жыл мурун, 2014-жылы болгон. 27 жаштагы аял күйөөсү жана эки кичинекей баласы болуп, Красноярск крайына Кыргызстандан көчүп келишкен. Күйөөсү такси айдоочусу болуп, аял үйдө балдарын тарбиялоо менен алек болгон. 

"Кичинекей төрт жаштагы кызы төрөлгөндөн баштап таята-таенесинин колунда чоңойгондуктан эне-бала тил табыша албай койгон. Аял кызга орой мамиле жасап, болор-болбос нерсе үчүн ура берген. Кошуналары кыздын бети-башы көгөрүп жүргөнүн көп көрүп, ал үйдөн чыккан баланын ыйына, кыйкырык ызы-чууга далай ирет күбө болушкан", — деп айтылат билдирүүдө. 

Постель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик Отелло: кызганчаак күйөө уктап жаткан аялын муунтуп өлтүрдү
Кезектеги чырдан кийин аял кызын катуу сабап, муунтуп өлтүрүп салган. Экспертиза кыздын денесинин 40ка жакын жаракат таап чыккан.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, сот аялды 12-жылга эркинен ажыраткан. Камалган аял өкүмгө макул болбой, доо арыз жазган. Ал арызында күнөөсүнөн жок экенин айтып, шартуу түрдө жаза берүүнү же соттон тергөө абагында жатып жатып төрөгөн баласы 14 жашка чыккыча камакка албай туруусун өтүнгөн. 

Красноярск аймагынын соту кылмыш ишинин материалдарын кайрадан карап чыгып, аялдын арызын канааттандырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0