Афганистан: талиптер туткунга алган Ми-17нин экипаж мүчөлөрү куткарылды

© AFP / OMAR SOBHANIАфганистан аскерлери. Архив
Афганистан аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлигинен куткарылгандардын арасында россиялык штурман Сергей Севастьянов аттуу адам болгонун билдиришти.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Афганистанга ийгиликсиз конуп, талиптер тарабынан туткунга алынган Пакистандык Ми-17 тик учагынын экипажынын алты мүчөсү куткарылып, Исламабадга жеткирилди. 

"2016-жылдын 4-августунда Пенджаб өкмөтүнүн тик учагынын экипажынын алты мүчөсү Афганистандан жоголгон болчу. Учурда алар табылып, Исламабадга жеткирилди",— деп маалымдады өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мохаммед Нафис Закария.

Ал куткарылгандардын арасында россиялык Сергей Севастьянов аттуу штурман да болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0