Согушкерлер Нигериянын мектептеринен уурдалган кыздардын видеосун жарыялады

© AP Photo / Boko HaramРадикалдык исламдык "Боко Харам" тобу. Архив
Радикалдык исламдык Боко Харам тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын апрель айында радикалдык исламдык "Боко Харам" тобу Нигериядагы Борно штатындагы Чибоко аймагынан 270ден ашуун кызды уурдап кеткен.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Боко Харам" террордук тобу эки жыл мурда Нигериянын мектептеринен уурдалып барымтага алынган кыздардын видео жазуусун жарыялады деп билдирди Франс Пресс агенттиги. Бул туурасында РИА Новости жазган.

Кения полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кениялык беш полиция "Аш-Шабабдын" согушкерлеринин колунан каза тапты
2015-жылдын апрель айында радикалдык исламдык "Боко Харам" тобу Нигериядагы Борно штатындагы Чибоко аймагынан 270ден ашуун кызды уурдап кеткен. Топтун башчысы кыздарды алардын камакка алынган согушкерлерине алмаштыруу талабын койгон. 276 кыздын ичинен 57си бошотулуп, 219унун тагдыры азыркыга чейин белгисиз калган. 

Франс Пресстин жазганына караганда, жарыяланган видеодон окуучуларды көрүүгө болот. Согушкерлер эки кыз бомбалоодон каза тапкандыгын айтышкан. 

"Боко Харам" радикалдык тобу Нигериянын түндүк-чыгышында өз өкүмүн жүргүзүп келет. Террорчулар бир нече ири, кандуу терактыларды жасаган. Алар мунусун Нигерия, Чад жана Камерун өлкөлөрүндөгү аларга каршы жасалган аскердик кампанияга жооп иретинде жасадык деп билдирип келишет. огушкерлер билим берүүнүн батыштык моделине каршы туруп, өлкө боюнча шарияттын бардык эрежелерин киргизүү керек деп эсептешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0