Түркия бийлиги Гүленди эки жолу кесип, 1900 жыл түрмөгө отургузууну талап кылууда

© AP Photo / Selahattin SeviФетхуллах Гюлен. Архив
Фетхуллах Гюлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогултулган материалдардын көлөмү 2,5 миң бет болуп, бүгүн өлкөнүн Жогорку кылмыш сотуна берилди.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Түркиянын Башкы прокуратурасы өлкөдөгү ишке ашпай калган 16-июлдагы аскердик төңкөрүш үчүн диний үгүтчү Фетхуллах Гүленди эки ирет эркинен ажыратып, түрмөгө 1900 жыл кесүүнү талап кылууда. Бул туурасында РИА Новости Анадолу агенттигине шилтеме кылуу менен кабарлады.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: АКШ же Түркияны, же Гүленди тандап алышы керек
Гүлендин уюмуна карата финансылык иштерден улам 2015-жылдын сентябрь айында кылмыш иши козголгон. Чогултулган материалдардын көлөмү 2,5 миң бет болуп, бүгүн өлкөнүн Жогорку кылмыш сотуна берилди.

Аталган кылмыш иши боюнча 11 адам суралып, террорчулукту финансылоо жана бийликти кулатуу күнөөсү коюлуп жатат.

Ал эми прокурор Фетхуллах Гүленди эки жолу өмүр бою эркинен ажыратып, андан сырткары 1900 жыл түрмөгө кесүүнү талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0