НАСА агенттиги Марс планетасын багынтчу роботторго сынак жарыялады

© flickr.com / David SyzdekНАСА роботу. Архив
НАСА роботу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун байге фонду 1 миллион долларды түзүп, ага бардык каалоочулар катыша алат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. АКШдагы космостук НАСА агенттиги Марс планетасына учуруу үчүн роботторду жасоого конкурс жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости НАСАнын өкүлү Монси Романдын сөзүнө таянуу менен жазып чыкты.

Аталган робот Марс планетасын жана Жер шарындагы кооптуу жерлерди иликтөөгө жумшалат.

"Кыйын кырдаалдарда жана байланыш жок учурда өз алдынча иштей турган роботторду жасоого конкурс жарыяланат. Байге фонду миллион доллар", — деп айтылат малыматта.

Конкурс кечээ башталган, анны биринчи этабы декабрь айында аяктайт. Ал эми сынактын финалдык бөлүгү 2017-жылдын июнь айында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0