БИШКЕК, 21-авг. — РИА Новости. Түркиянын Газиантеп шаарында үйлөнүү той өтүп жаткан учурда жасалган терактыдан кеминде 30 киши өлүп, 94 киши жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресске шилтеме кылып билдирди.
Буга чейин 22 киши каза тапкандыгы кабарланган. Кол салуу жаштар баш кошуп жаткан тойдо болгон. Аталган провинциянын губернатору Али Йерликая муну "теракты" деп атады.
Түркиядагы Адилет жана өнүгүү партиясынын депутаттарынын бири мунун артында "Ислам мамлекети" террордук уюму турушу мүмкүн деп айтканын Рейтер агенттиги кабарлады. Учурда бул кандуу окуяны жасагандыгын эч бир уюм мойнуна ала элек.