Рио-2016: калыстардын чечимине каршы монголдук машыктыруучулар жылаңачтанышты

© REUTERS / TORU HANAIТренер монгольского борца Мандахнарана Ганзорига который недовольный решением судей разделся прямо на ковре
Тренер монгольского борца Мандахнарана Ганзорига который недовольный решением судей разделся прямо на ковре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 7:6 эсеби менен монголдук балбандын пайдасына аяктаган, бирок калыстардын чечими менен жеңиш өзбекстандык спортчуга ыйгарылган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Олимпиаданын акыркы күнү эркин күрөштө коло медаль үчүн болгон монголдук жана өзбекстандык балбандардын беттеши чоң ызы-чуу менен аяктады. Бул тууралуу The New York Times басылмасы билдирди.

Монголдук Мандахнаран Ганзориг менен өзбекстандык Ихтиер Наврузов коло медаль үчүн 65 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышкан.

​Беттешүү 7:6 эсеби менен монголдук балбандын пайдасына аяктаган. Жеңишти майрамдай баштаганда таблодо 7:7 эсеби күйүп, андан соң өзбекстандык балбанга бир упай ыйгарылып, жеңүүчү аталды.

Мандахнаран Ганзоригдин машыктыруучулары калыстар менен талаш-тартышка түшүп, чечим акыркы экенин билгенден кийин килем үстүнөн чечинип, ал жактан чыгып кетүүдөн баш тартышкан. Аларды арбитрдин кызыл картасы да токтото алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0