Түркия: "кандуу үйлөнүү тойдун" жаңы жагдайлары ачылды

© REUTERS / Osman Orsal Газиантеп шаарында теракттан каза болгон 3 айлык Сехрибан Нурбайдын туугандары жерге берүү зыйнатында
Газиантеп шаарында теракттан каза болгон 3 айлык Сехрибан Нурбайдын туугандары жерге берүү зыйнатында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында үйлөнүү той учурунда жардыруу жасагандар 12-14 жаштын ортосундагы балдар болгондугун айткан.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Түркиянын Газиантеп шаарында той учурунда жарылуу 2015-жылы Анкара менен Суручтагы митингдеги жасалган жарылууларга техникалык жактан окшош болуп жатат. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берип кабарлады. 

Жанкечти ишемби күнү Газиантеп шаарында эки жаштын үйлөнүү тою өтүп жаткан жерде жардыруу болгон.

Анкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы жарым жыл ичиндеги терактылар. Бейажал кеткен өмүрлөр
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында үйлөнүү той учурунда жардыруу жасагандар 12-14 жаштын ортосундагы балдар болгондугун айткан. Бул терактыдан 53 адам каза таап, 69у жарадар болгону, алардын ичинен 17и оор абалда экени кабарланды. Өлгөндөрдүн 29у — балдар жана өспүрүмдөр. Буга чейин 50 адам мерт кетип, 94 адам жарадар болгондугу айтылган.

Эрдоган бул жардыруунун артында "Ислам мамлекети" террористтик уюму турарын боолгологон. 

Агенттик окуядан кийин Түркиядагы Адилет жана өнүгүү партиясынын депутаттарынын бири мунун артында "Ислам мамлекети" террордук уюму турушу мүмкүн деп айтканын жазган. Учурда бул кандуу окуянын жоопкерчилигин эч бир уюм мойнуна ала элек.

2015-жылдын жай айында "Ислам мамлекети" террордук уюму Сирия менен болгон чек арада, Суруч аймагында терракт жасап, анда 33 күрд активисти өлгөн. 10-октябрда Анкарада Түркиянын тарыхындагы ири жардыруу жасалган. Эки жанкечти жасаган терактыдан 103 киши өлүп, 500 адам ооруканага жардам сурап кайрылган. Шаардык прокуратуранын маалыматына караганда, терактыны "Ислам мамлекети" террордук тобу уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0