БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Америкада полиция кызматкери унааны токтотуу боюнча добушту укпай калган айдоочуну атып салды. Бул тууралуу РИА Новости WCNC телеканалына таянуу менен жазып чыкты.
Полиция кызматкери жол эрежесин бузган Volvo үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылган. Атайын чакырыкты укпай калган айдоочу Дэниэл Харрис куугун учурунда эки унаа кагышып алганда токтогон. Айдоочу унаадан түшөрү менен 10 секунддан кийин ок атылган.
АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттары 29 жаштагы дүлөй айдоочу унаадан түшүп, колдору менен полицияга абалды түшүндүрүп берүүгө аракет кылганын жазып чыгышты.