БП: Мамлекеттик Думага аттанган партиялардын бардыгы мыйзам бузуп жатат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРоссиянын Башкы прокуратурасы. Архив
Россиянын Башкы прокуратурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда Мамлекеттик Думанын VII чакырылышына болгон шайлоо үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында өтөт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиянын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик Думага аттанган саясий партиялардын бардыгы шайлоого карата кампанияларды жүргүзүүдө мыйзам бузуп жатканын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын алдындагы Жарандардын укугу менен эркиндигин көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Лариса Коптева билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Анын айтымына караганда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө дээрлик бардык саясий партиялар мыйзам бузууга барышкан. 

Ал эми Федералдык мыйзамдын ишке ашуусун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Анатолий Паламарчуктун айтымында, жарандар менен партиялардан 170 арыз келип түшкөн. Анын негизинде тергөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 135 мыйзам бузуу катталган. 

"Арыздардын көпчүлүгүндө комиссияны түзүүдө, административдик ресурс менен финансылык каражаттарды колдонууда мыйзам бузуулар болуп жаткандыгы айтылган. Бардык мыйзам бузуулар боюнча маселелерди Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алып жатат", — деп билдирди Паламарчук. 

Белгилей кетсек, Россияда Мамлекеттик Думанын VII чакырылышына болгон шайлоо үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында өткөрүлөт. Депутаттар аралаш системанын негизинде шайланышат. Тагыраагы, 225 депутат партиялык тизме менен, дагы 225 депутат бир мандаттык округдан (мажоритардык система) келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0